18.05.2020 11:12

Иорданиядан Бишкекке 5 кыргызстандык келди

Иорданиядан Бишкекке 5 кыргызстандык келди

Иорданиядан Бишкекке беш кыргыз жараны келди. Бул тууралуу ТИМ кабарлайт.

«Кыргызстандыктар Air Jordanian авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы эл аралык аэропортуна конгон, андан бери атайын транспорт менен Бишкекке алынып келинди. Чет жерден келген жарандардын баардыгы обсервацияга жайгаштырылды», —деп айтылат ТИМ маалыматында.

Мекеме башка өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча мүмкүн болгон каттамдарды издөө уланып жатканын кошумчалайт.