17.02.2020 15:19

IRI уюмунун изилдөөсү: Кыргызстандын негизги көйгөйү - таза суу менен начар жолдор

IRI уюмунун изилдөөсү: Кыргызстандын негизги көйгөйү - таза суу менен начар жолдор

Кыргызстандыктардын тынчын алган маселе начар жол менен көчөлөр жана таза суунун жоктугу. Мындай тыянакты (IRI) эл аралык республикалык институту чыгарган.  

Тагыраагы, сурамжылоого катышкандардын 21% начар жол менен көчөлөрдү көйгөй катары көрсөтүшкөн. Ошол эле сандагы адамдар таза суунун жоктугун жана суугат суусунун жетишсиздигин белгилешкен.

Үчүнчү орунда жумушсуздук маселеси турат. Аны изилдөөгө катышкан жарандардын 15% билдиришкен.

Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн.  

Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан.

Эске салсак, жарандар Кыргызстандын көйгөйлөрүн ким чечип бере алат деген суроого үч партияны көрсөтүшкөн. Арасында КСДП дагы бар. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот.

Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.

Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү.

Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат.  

Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат.