20.01.2020 15:05

Ишеничтен чыккан соттор. Сапар Исаков отурумга катышпай койду

Ишеничтен чыккан соттор. Сапар Исаков отурумга катышпай койду

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн апелляциялык арызды кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумуна катышпай тургандыгын айтты.

Бишкек шаардык соту 20-январда баш калаанын Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын кароону баштады. Сотко Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

Анын билдирүүсүндө, отурумга катышып кереги жок. Анткени баардык соттор көз каранды жана саясий чечим чыгарышат деп эсептейт ал.

«Менин атымдан жактоочуларым катышат. Мен болсо күрөшүүнү уланта берем», — дейт мурунку өкмөт башчы.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.