06.07.2018 14:18

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортун III ДКО алдында брендге айлантууну тездетүү тапшырылды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортун III ДКО алдында брендге айлантууну тездетүү тапшырылды

Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

«Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнын инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директору Абдумалик Бусурманкулов билдиргендей, 2015-жылы «Ысык-Көл» аэропортунун учуу-конуу тилкелерин 3800 метрге чейин узартуу, жаңы рулеждик жолчонун курулушу жана перронду кеңейтүү иштери аяктаган.

Мындан тышкары аэродромду жаңы жогорку интенсивдүү тутум, жаңы навигациялык-конуу жабдуулары менен камсыздоо иштери, ошондой эле «Ысык-Көл» аэродромун электр тутуму менен камсыздоо, учурдагы аэробекет комплексин кеңейтүү иштери аяктап, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы перрондук автобустар сатып алынган.

2016-жылдын августунан тарта жаңы жабдуулар эксплуатацияга берилип, аэродром күнү-түнү иштеп жатат.

Абдумалик Бусурманкулов кошумчалагандай, туристтик мезгилде «Ысык-Көл» аэропорту Россия (Новосибирск), Казакстан, Өзбекстан, Бишкек жана Оштон каттамдарды кабыл алат.Өкмөт башчы белгилегендей, туристтик мезгилде эс алуучулардын аба каттамдарына суроо-талабын тийиштүү түрдө камсыздоо маанилүү болуп саналат.

Премьер-министр «Ысык-Көл» аэропортунда иштеген чек ара жана бажы кызматтарынын жеке курамы келген меймандарга кичипейил жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрү керектигин баса көрсөттү. Ошондой эле ал белгилегендей, кызматтардын кызматкерлеринин тил билүүсүн жакшыртуу кажет.

Өкмөт башчы чет элдик туристтер менен сүйлөшүүдө алар үчүн түзүлгөн шарттарга кызыгып, ошондой эле аэропорттун ишмердигин жакшыртуу боюнча алардын сунуштарын укту. Муну менен бирге аэропорттун туристтерди кабыл алууга толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле аэропортту Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында брендге айлантууну тездетүүнү милдеттендирди.