29.05.2018 09:35

Ысык-Көлдөгү катуу шамал социалдык объектилер менен турак жайлардын чатырларын учурду

Ысык-Көлдөгү катуу шамал  социалдык объектилер менен турак жайлардын чатырларын учурду

28-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жеткен шамал катталды. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анын кесепетинен социалдык объектилер менен турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады.

"28-май күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунда ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен шамал катталып, анын кесепетинен Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имаратынын 235 чарчы метр тунукесин, Саруу айылында 2 турак үйдүн 10 даана шиферин, 162 чарчы метр тунукесин, 1 сарайдын 30 чарчы метр тунукесин учурган.

Ошондой эле, Каракол шаарында  саат 14:00дөрдө ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен "Келечек" бала бакчасынын чатырынын 3 даана шифери, №127 көп кабаттуу үйдүн 80 чарчы метр чатырын, №101 көп кабаттуу үйдүн 180 чарчы метр тунукесин, №1 орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 чарчы метр тунукесин,  автобекеттин 600 чарчы метр чатырын жана «Кыдыр Аке» дүкөнүнүн 30  чарчы метр чатырын учурган", - деп билдиришти ӨКМден.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген чыгымдардын кесепеттери такталууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян болгон эмес.