08.04.2020 15:50

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада кылды

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада кылды

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады. Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматына карганда Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хажжар менен тефондон сүйлөшүп, коронавируска байланыштуу социалдык-экономикалык залаканы жумшартыш үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Банктын президенти коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгилеп, Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгын билдирген.  

Белгилей кетсек, буга чейин Жээнбеков коронавирус өлкө экономикасына терс таасир берип жатканын  жүйө келтирип, Дүйнөлүк банк, Европа Биримдиги, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык Валюта Фондунан да жардам сураган. 

Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, илдетке кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти. Ал эми илдеттен 25 бейтап толук сакайып чыгып, эки адам каза тапкан.

Өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.