06.02.2020 09:00

Кадыр Атамбаев: "Биримдик" партиясы - жасалма саясий күч

Кадыр Атамбаев: "Биримдик" партиясы - жасалма саясий күч

«Биримдик» партиясы – бул жасалма жол менен жаралган саясий күч. Анын негизги максаты - 2020-жылы "баш көтөрө албас" парламентти түзүү. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасына Кыргызстандын экс-президентинин кенже уулу Кадыр Атамбаев жазып чыкты.

Айтымында жергиликтүү ЖМКлар аталган партияны Марат Аскерович Аманкулов башкарат деп жазып чыгышканда абдан таң берген.

"Атам Марат Аманкулов тууралуу дайыма жакшы нерселерди айтчу. Марат Аманкулов өзү деле партиянын үлгүлүү мүчөсү жана Атамбаевге ишенимдүү болчу", - дейт Кадыр Атамбаев.

Кадыр Атамбаев билдирүүсүндө 2018-жылы бийлик Сапар Исаковдун аркасынан саясий оюндарды баштаганда Марат Аскерович КСДП фракциясынын өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечимин колдобой чыкканын белгилеген.

"2018-жылы Марат Аскерович Аманкулов Исхак Масалиевдин экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилгесине каршы чыккан. Аманкулов менин атам менен тез-тез жолугуп, биздин партиянын келечеги тууралуу маектешип турчу", - деп белгилейт К. Атамбаев. 

Айтымында бийликтин басымына карабастан Марат Аманкулов керектүү учурда “Ак үйдүн” буйругуна эмес, намыска жараша иш кылат.