12.02.2020 08:35

Кадыр Атамбаев: Москва шаарындагы жолугушуулар КСДП үчүн жемиштүү болду

Кадыр Атамбаев: Москва шаарындагы жолугушуулар КСДП үчүн жемиштүү болду

КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү Россиянын борбору Москва шаарына барышты. Бул тууралуу экс-президенттин кенже уулу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты. Кадырбек Атамбаевди Москва шаарына КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков коштоп барган.

Маалыматка караганда, алар бир катар маанилү иш чараларга катышышкан. Анын үстүнө диаспоралардын башчылары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адистер, саясат талдоочулар жана журналисттер менен жолугушушкан.

Күн мурун, 11-февралда, социал-демократтар партиялар аралык кызматташуунун алкагында Россия Федерациясынын мамлекеттик думасында жолугушууларды өткөрүшкөн. Ага Россиянын эң алдыңкы үч партиясынын өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, тармактуу комитеттин башчылары катышышкан. Тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин, сырткы саясатты талкуулашып, 2010-2017-жылдардагы Кыргызстан жана Россия ортосундагы реалдуу стратегиялык кызматташуусун эскеришип, 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүшкөн.

Кадырбек Атамбаевдин маалыматына караганда, келечекте дагы бул сымал жолугушуулар байма-бай өтүп турмакчы. Жана бул иш сапар КСДП партиясы үчүн өтө жемиштүү болгон. Айтымында, Кыргызстандын Социал-Демократиялык Партиясы өз ишин активдүү уланта берет.