01.04.2020 15:40

Кадр саясаты: Депутат Аида Исмаилова өкмөткө вице-премьер болуп келеби?

Кадр саясаты: Депутат Аида Исмаилова өкмөткө вице-премьер болуп келеби?

Алтынай Өмүрбекованын ордун Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова ээлейби? Тиешелүү сунушту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады. Бул тууралуу депутат Жанарбек Акаев бүгүн, 1-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги сунушталган.

Белгилей кетсек, учурда Аида Исмаилова — парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутат. Ал эми Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматынан бошоткон.