24.04.2020 15:32

Кадр саясаты: Жумуштан кеткен президенттин кеңешчиси бир күн өтпөй башка кызматка дайындалды

Кадр саясаты: Жумуштан кеткен президенттин кеңешчиси бир күн өтпөй башка кызматка дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык бирлигинин чечими менен Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) кызматына дайындалды.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Панкратов Олег Михайлович — 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад облусунда туулган.

2010-2013-жылдары – КР экономика министринин орун басары

2015-жылы – КР экономика министри

2015-2017-жылдары – КР вице-премьер-министри

2018-2019-жылдары– КР экономика министри

2019-2020-жылдары – КР президентинин кеңешчиси.