Калаада Ленинград блокадасында курман болгондор эскерилди

Калаада Ленинград блокадасында курман болгондор эскерилди

Баш калаада Ленинграддагы фашисттик блокадада калып курман болгондор жана блокаданы жыруу учурунда каза тапкандар эскерилди. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирди.

Митинг-реквием Дайыр Асанов атындагы сейил багында орун алды. Аны борбордогу №62 мектеп-гимназиясынын 7-8-классынын окуучулары уюштурган.  Аталган мектеп менен Ленинграддагы бир орто окуу жай ортосунда атайын меморандумга кол коюлган. Эки өлкөнүн мектептери ортосунда жакында теле-көпүрө уюштурулат.

Анда окуучулар арасында Ленинграддагы курчоо тууралуу маалымат алмашуу болмокчу. Биздин окуучулар Кыргызстандагы блокадачылар туурасында айтып беришет.

Бүгүнкү иш-чара анын бир бөлүгү болгондуктан, эскерүүгө  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинград блокадачылар коомунан өкүлдөр чакырылган.

Октябрь райондук администрациясынан чакырылгандар келген жок. Чогулгандар курман болгондордун даректерине жылуу сөздөрдү узатып, эстеликке  гүл  коюшту.  

Негизги максаты, келечек муун тарыхты унутпаш үчүн, ата-бабаларынын эрдигин эсине салып туруу. Эске салсак, Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган.

Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон.