09.04.2019 15:06

Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылды

Камчыбек Ташиев өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылды

Жаздын келиши эки саясатчыга жан киргизди. Алар жакында эле кайра жарашкан Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов. Кең Россиядан баар тапкан Бабанов НТС телеканалына интервью берип, өзүнүн келиши боюнча үн катуу менен элдин кулагын көндүрүп, бийликтин кабагына көз жүгүртүп жатат.

Ташиев да жөн турган жок. Ал журналисттерди чогултуп маалымат жыйын курду. Мурдагы депутат азыркы өкмөттү таркатуу керектигин билдирип, ошол эле учурда, бийлик башындагыларга азыноолак сын айтканды да унуткан жок.