11.05.2020 11:40

Канат Сагымбаев төрт күндөн бери өзүн жаман сезүүдө. №1 тергөө абагында жаткандардын көбү ооруп жатат

Канат Сагымбаев төрт күндөн бери өзүн жаман сезүүдө. №1 тергөө абагында жаткандардын көбү ооруп жатат

Бүгүн, 11-майда калаанын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум орун алды. 

Сот отурумунда УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев сөз сүйлөдү. Ал төрт күндөн бери өзүн жаман сезип жатканын,  бирок ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина акыркы эки күндөн бери Сагымбаев өзүн аябай жаман сезип жатканын, бирок дарыгерлер  «дене табы көтөрүлбөгөнүн» айтканын белгиледи.

Мындан тышкары, бүгүн сот отурумунда №1 тергөө абагынан келген айыпталуучулар камераларда ооругандар көп экенин айтты.

Маалыматты жактоочу Нурбек Токтакунов да тастыктады. Анын айтымында, №1 тергөө абагында өзүн жаман сезип, ооруган айыпталуучулар бар, бирок алар оорусу тууралуу ачык айткандан коркуп жатышат.

Кундуз Жолдубаеванын айтымына караганда Канат Сагымбаев менен чогу камерада дагы 13 айыпталуучу жатат. Алардын баарында оорунун белгилери байкалууда.

Сагымбаев менен чогу камерада отурган адамдардын бири өзүн өтө начар сезип, сүйлөй албай калды, дем алуусу оорлоп, төшөктөн тура албай керектүү суранычын кагазга жазып билдирип жатканы айтылды.

Канат Сагымбаев №1 тергөө абагынын жетекчисине кайрылган, бирок ага жана анын жанындагы камералаштарына медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

«Бүгүн баарын сотко алып келишти, баарыбыз прокурорлор, жактоочулар жана коштоп жүрүүчү аскерлер менен бир бөлмөдө отурабыз. Президент тарабынан даярдалган жана депутаттар тарабынан колдооо тапкан спектакль уланууда», - деп Карамушкина сөзүн жыйынтыктады.

Кийинки сот отуруму 18-майда өтөт.