20.12.2019 10:30

Канат Сагынбаев: Мага артылган айыптардын баардыгын четке кагам, актыгымды далилдегенде фактылар жетиштүү

Канат Сагынбаев: Мага артылган айыптардын баардыгын четке кагам, актыгымды далилдегенде фактылар жетиштүү

КСДП партиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаевдин ачык кайрылуусун таратты.

Белгилей кетсек, Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча айыптар тагылып жатат.

Бирок, бул сымал кинелерге Канат Сагымбаев макул эмес. Айтымында саясий оюндарга берилген бийлик көп жагдайларга көз жумуп койгон.

Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевдин камакта жаткан жансакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна макул эмес. Ал «бир тараптуу жана бийликке жагалданып чыгарылган чечимдерге макул эмесмин!» деп билдирди.

Сагымбаев Атамбаевди кармоо боюнча операция болору тууралуу ага эч ким эскертүү бербегенин айтып, Кой-Таш окуясы учурунда ал өз милдетин так аткарганын кошумчалады.

"Өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип, окуя болордон эки-үч күн мурун 9-кызматтын жетекчиси Шабданбековго барып, эгерде мурдагы президентти күч менен кармай турган болуп калса, менин милдетим жана жоопкерчилигим кандай болорун сурагам. Ал мага «четке чыгып турасың го» деди. Мен кайра сурадым «эгерде эскертүүсүз, күтүүсүз келсечи, мен алардын ким экенин кайдан билем?» десем, «байкайсың да» деди. «Макул, четке чыгып турайын, кокус ошол убакта Атамбаев Алмаз Шаршеновичке бир нерсе болсо, ким жооп берет, ал кишинин коопсуздугу үчүн биринчи кезекте мен жооптуумун да, ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн эмеспи? Эгерде андай буйрук бере турган болсоңуз, анда мени азыр эле токтоосуз чакыртып алыңыз дедим", - деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу 12-декабрда Атамбаевди суракка күч менен алып келүү боюнча иш-чара болору тууралуу Канат Сагымбаевге алдын ала маалымат берилгенин, бирок так датасы айтылбаганын билдирген. Ошондуктан ал күч органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийиши керектиги түшүндүрүлүп, кол коюп бергенин билдирген. Бирок Кой-Ташта ал күч кызматкерлеринин талабына көнбөй, тескерисинче ок чыгарганын айткан.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган.