24.03.2020 14:08

Канат Сагынбаев: Президенттин иниси жубайым менен балдарымды үйдөн кууп чыгууда

Канат Сагынбаев: Президенттин иниси жубайым менен балдарымды үйдөн кууп чыгууда

Бүгүн, 24-мартта Кой-Таш окуясы боюнча бир катар оор кылмыштарга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан Канат Сагымбаев ачык кайрылуу таратты. 

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин ачык билдирүүсүн толугу менен келтиребиз. ________________________________________________________________________________________________

Мени кантип сындырыштын айласын таппаган бийликтин кошоматчылары, ак жеримден түрмөдө жатканым аз келгенсип, төрт баламды көчөгө кубалап чыгууну чечип, кызматтык батиримди «бир айдын ичинде бошотуп койгула» деп талап кылышууда!

Бул демилгени Сооронбай Жээнбековдун жээни, азыркы 9 кызматтын башчысы Санжарбек Эркинбаев көтөрүп жатат. Өлкөдө үй-бүлөлүк кландык, криминалдык режимди орнотуп, алардын колу менен мыйзамсыз иштерди каалагандай калчап жатканы, мени өкүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында 17 жылдан ашык өтөгөн кызматым үчүн мамлекет тарабынан берилген кызматтык үйүмдү атайылап ойлонулган шылтоолор менен тартып алууга мыйзам эч кимге жол бербейт. Мыйзам боюнча пенсияга чыккан аскер кызматкеринин үйүн (кызматтык батирин) кызматкер дүйнөдөн кайткандан кийин да, кичүү баласы 18 жашка чыкмайынча артка кайтара алышпайт.

Кызматтык батирди баардык аскер кызматкерлери алган сыяктуу эле, өтөгөн кызматымдын стажын жана үй-бүлөлүк абалымды эске алып, баардык талаптарга жооп бергени үчүн 2017-жылы УКМКнын 9-кызматынын үй бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде мыйзамдуу түрдө алгам.

Бул гана эмес, мыйзамга ылайык ала турган пенсиямды, алынбай калган айлыгымды белгисиз себептер менен бербей жатышкан факты бир нерседен кабар берет - бийлик мени балдарым аркылуу сындырабыз дегенден.

Бийликтин мындай мыйзамсыз кадамдарга барып жатышын, мени сындыруу максатында катардагы моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү аракети деп эсептейм!

Мени сындыруу үчүн күч органдары тарабынан байма-бай эле коркутуу, кысуу жана соодалашуулар болуп келген. Эми айла-амалдары түгөнгөндө төрт баламды көчөгө кубалап чыгып, мага басым кылып, кысым көргөзөбүз деп ойлоп жатышат.

Үй маселесинин күтүүсүздөн келип чыгышы жөн жерден эмес. Бул пас кыймыл-аракеттин артында президенттин ининси Асылбек Жээнбеков турат деп ойлойм. Анткени соттук алдын ала уктуруу учурунда «Асылбек Жээнбеков кудасы Темир Бекмамат уулу аркылуу соттук процессти көзөмөлдөп, сотко басым көрсөтүп жатат» деп айтып чыккам. Ошол себептен жээни Санжарбек Эркинбаевдин колу менен мени сындыруу максатында кысым кысым көргөзүүнү улантып жатат деп эсептейм.

Менин жигиттик, офицердик намысым, баардык кыйынчылыктардан, керек болсо өмүрүмдөн өйдө тураарын, уят-намысы жок бийликтергилерге, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана бийликтин ар кайсы тармактарындагы кошоматчыларына, куда, жээн, толгон токой туугандарына дагы бир жолу эскертип кетмекчимин – мен ийилем, бирок сынбайм!

__________________________________________________________________________________________________

Эске салсак, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуялары боюнча шектелип, кармалган. Ал бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алууну уюштуруу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу - баш аягы 11 кылмыш иши боюнча шектелүүдө.