30.04.2020 11:03

Каныбек Осмоналиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Каныбек Осмоналиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Ал УКМКнын тергөө абагында 3-июлга чейин калтырылды. Бул туурасында “Апрелге” анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 29-апрелде кабыл алган.

«Каныбек Осмоналиев кармалып, УКМК тергөө изоляторуна киргизилген, ал жерде ушул күнгө чейин тергөө аракеттери жүргүзүлгөн эмес. Ага 2-мартта Ала-Тоо аянтындагы тынчтык митинги учурунда башаламандык уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айып тагылууда. Конституцияда ар бир адам өз ой-пикирин  айтууга укуктуу деп айтылат. Нааразычылык акциясына келгендер азыркы бийликти сынга алышкан », - деди Акин Токталиев.

 

Жактоочу соттун чечимине карата жогорку инстанцияга даттанууну көздөп жатканын белгилейт.

Эске салсак, ушул жылдын 4-мартында Биринчи май райондук соту мурдагы эл өкүлүн эки айга, 3-майга чейин камакка алган. Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаева 2-мартта Бишкекте өткөн митингден кийин бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатат.

Акциянын катышуучулары экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан.