02.05.2018 16:51

Каракол шаарынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине карата кылмыш иши козголду

Каракол шаарынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине  карата кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Каракол шаарынын төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн балдарга  «остеомиелит» инфекциясын жуктуруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көзөмөл орган буга чейин ЖМКларда жарыяланган маалыматтар жана жарандардан түшкөн арыздар боюнча Караколдогу төрөт үйүндө  ымыркайларга  «остеомиелит» инфекциясын жугузуу боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Анда арыз менен кайрылган төрт жарандын төрөтүн аталган төрөткананын дарыгерлери кабыл алганы аныкталды. Кийинчерээк ал айымдардын жаңы төрөлгөн ымыркайларынан  остеомиелит  оорусу табылган. Белгилей кетсек, бул ооруну төрөт үйдүн жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгерлери  өз убагында аныктай алган эмес.

Төрөттү кабыл алуу  талаптагыдай жүрбөгөндүктөн жана  ооруну өз убагында аныктап, дарылабагандыктан, балдарда оору өтүшүп кетип, алар майып болуп калышкан. Азыр бөбөктөр  Каракол шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катары каттоого алынган.

Учурда Караколдогу төрөт үйүнөн остеомиелит оорусун жуктуруп алган дагы башка фактылар аныкталууда.

Бул иш боюнча Ысык-Көл облусунун прокуратурасы 119-берене (“Медицина кызматкеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу”) жана 316-берене (“Шалаакылык”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын март, апрель айларында Каракол шаардык төрөтканасында көз жарган  бир нече аял аталган жайдын дарыгерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан. Алар ымыркайлары төрөт үйдөн остеомиелит оорусун жуктуруп алган деп билдиришкен.