02.05.2019 14:00

Кара-Сууга Матраимовдордун иш-чарасына барган депутаттар эмне деп актанды? (видео)

Кара-Сууга Матраимовдордун иш-чарасына барган депутаттар эмне деп актанды? (видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары уран тууралуу өкмөттүн баяндамасын угушту. Бирок, мындай маанилүү маселе каралган палатанын отурумуна 120 депутаттын дээрлик жарымы келбей, коомдук талкууга жем таштады. Ал эми кечээ Кара-Суу районунда Матраимовдор волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүшүп, ага спикер жана депутаттар, биринчи вице-премьер-министрден тарта, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө чейин барышкан.

Мындай делегациянын жеке спорттук иш-чарага жигердүү катышышына эмне себеп болду? Аткаминерлердин жоопторун видеодон көрүңүздөр.