24.07.2019 16:05

Каржы полициясынын текшерүүсү: Матраимовдор Салык кызматына 24 миллион сом карыз

Каржы полициясынын текшерүүсү: Матраимовдор Салык кызматына 24 миллион сом карыз

Матраимовдор 24 миллион сомдук салыкты казынага төлөшкөн эмес. Каржы полициясы бажы кызматынын мурдагы орун басарына байланыштуу компаниялар чоң өлчөмдөгү салыкты жашырганын аныктады.

Экс-бажычынын жубайы Уулкан Турганова эмгектенген жеке фирма мамлекетке алты миллион сомдон ашык каражат төккөн эмес. Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат Матраимовдорго тиешелүү ачыкталбаган бир катар мүлктөрдү таап чыгышкан.

Учурда экс-бажычыга жана үй бүлөсүнө тиешелүү болгон чет өлкөдөгү байлыктарын аныктоо аракети көрүлүүдө.