24.10.2018 17:01

Каталар менен башталган "Ачык өкмөт" долбоору

Каталар менен башталган "Ачык өкмөт" долбоору

Министрлер кабинети келечекте ачык таза иштейт. "Ачык өкмөттүн" принциптери менен максаттарын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзу чечмелеп берди. Саамалыкка карата “ачык” деген сөздү мүнөздөгөн арт-инсталяция орнотулган. Так ушу көргөзмө программанын өзунөн да көбүрөөк суроолор жаралды. Тагыраак айтканда, андагы каталарга. Башталбай жатып, мүчүлүштүктөргө бай долбоордун андан аркы тагдыры кандай болооор экен деп отурумдун катышуучулары суроо салышты.