27.01.2020 10:42

Катардагы жаранга тапанча такап, ок чыгарган милиционер кармалды

Катардагы жаранга тапанча такап, ок чыгарган милиционер кармалды

Катардагы жаранга карата ок чыгарган милиция кызматкери колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкектеги кафелердин биринин жанынан Октябрь РИИБнын кызматкери жаранга карай ок чыгарган. Окуя 2019-жылдын 22-декабрында болгон.

«22-декабрда, болжол менен саат 4:00дө Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Э.Ы., Р.С. жана жай жаран К.А. мас абалда жүрүшкөн. Э.Ы. жай жаран М.С. тарапты көздөй Макаров үлгүсүндөгү табелдик тапанчасы менен ок чыгарган», — деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, шектүүгө карата «Бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылып, 2 айга үй камагына алынган. Ок атуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.