01.06.2018 09:46

Казак бийлиги телефон уурдоо менен алектенгендерди сызга отургузууну көздөөдө

Казак бийлиги  телефон уурдоо  менен алектенгендерди  сызга отургузууну көздөөдө

Казакстандын жашоочулары быйыл жыл соңуна чейин мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун каттатышы керек. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн «Байланыш тууралуу» мыйзамына киргизилди.

Бийликтин айтымында, бул чара өлкөдө телефон уурдоо фактылары көп катталып жаткандыгына байланыштуу көрүлүп  жатат. Маалыматтарга караганда, мындай кылмыштардын болгону 5 гана пайызынын бети ачылат.

«Биз Казакстандын аймагында телефон уурдагандарга эч кандай пайда болбогондой кылабыз. Бул ишке ашкандан кийин телефондор башка сим-карталар менен иштебей калат», — деди өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев.

IMEI-коддорду каттатуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр Казакстандын уюлдук операторлорунун биринин мобилдик тиркемесинде пайда болду. Анда 2019-жылдын январынан тарта телефон кодун жеке идентификациялык номурларына байлап каттатпаган колдонуучулардын байланышы өчүрүлө тургандыгы эскертилген.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган уникалдуу идентификациялык номур. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. 

Ошондой эле чиновниктер мындай жол менен мобилдик телефондордун көмүскө базарын дагы жоюуга болорун билдиришүүдө.