31.05.2018 17:04

Казакстанда 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салынышы мүмкүн

Казакстанда 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салынышы мүмкүн

Казакстандын  балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Загипа Балиева 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салууну сунуштады. Бул демилгесин аткаминер бүгүн, 31-майда мажилистин отурумунда көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, учурда жумушчу топ тийиштүү мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатат.  

Ошондой эле, З.Балиева өлкөнүн азыркы мыйзамында балдарга зомбулук көрсөтүүгө тыюу салынбай калганын билдирди.  

«Учурдагы мыйзам боюнча биз кылмыш болгондон кийин: өлтүрүп койсо, же сабап койсо гана жазага тарта алабыз. Биз даярдап жаткан долбоордо зомбулукту тыюу, ата-энелердин  жоопкерчилигин күчөтүү каралган», -  дейт балдар акыйкатчысы.