15.05.2018 15:39

Казакстанда этти ылдам жеп түгөтүү боюнча мелдеш өттү

Казакстанда этти ылдам жеп түгөтүү боюнча мелдеш өттү

Казакстанда этти ылдам жеп түгөтүү боюнча мелдеш өттү. Конкурс "Көкмайса-2018" этнофестивалынын алкагында жүргөнүн казак басылмалары жазып чыкты.

Мелдешке Казакстандын ар кайсы аймагынан келген 5 адам катышкан. Мелдештин шарты боюнча, бир табак этти 5 мүнөттө түгөтүү керек болчу. 

Жыйынтыгында, Жезказгандан келген 25 жаштагы Бекзат Жармагамбет жеңүүчү деп табылды. Ага сыйлык иретинде 30 миң теңге (91доллар) берилди. 2-орунду жеңген адамга 20 миң теңге (61 доллар) беришти. 

Ошондой эле, фестивалдын жүрүшүндө кымыз ичүү боюнча да таймаш болуп, Улытау районунун тургуну 4,3 литр кымызды токтобой ичип түгөтүп, жеңүүчү деп табылды.