22.05.2018 11:06

Казакстанда менингококктон 3 адам каза тапты

Казакстанда менингококктон 3 адам каза тапты

Казакстандын Алматы шаарында менингококк инфекциясы 3 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында шаардын Коомдук ден соолукту коргоо департаментинин жетекчиси Айзат Молдагасимованын сөзүнө таянып, Ca-News жазып чыкты.  

Маалыматка караганда, ооруканага менингококк инфекциясына шектелип, 47 адам кайрылган, алардын 15 аталган ооруну жуктуруп алганы такталды. Эки чоң адам жана 5 жаштагы бала каза тапты.

"Оорунун көбөйүшү апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө бул инфекциядан эки чоң адам жана 5 жаштагы бала каза тапты. Бул учурлар бири-бири менен байланыштуу болгон эмес.Биринчи учурдагы эркек кишинин көк боору жок болгондуктан иммунитети начар болгон. Кыз менен бала менингиттин өтө тез кармаган түрүнөн бир нече саат аралыгында эле өтүп кете беришти. Оорулуулар менен байланышкан 700 адам медициналык көзөмөл алдында», - дейт департамент башчысы. 

Адистердин айтымында, оорунун алгачкы белгилери болуп, дене табынын көтөрүлүшү, кусуу, тамагынын оорушу, денеге тарап кеткен бүдүрлөр эсептелет.