21.09.2018 11:29

Казакстанда улут аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кыргыз жараны кармалды

Казакстанда  улут аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кыргыз жараны кармалды

Астанада улут аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кыргызстандык жаран кармалды. Ал социалдык тармактарга тыюу салынган мүнөздөгү материалдарды жарыялаган. Бул туурасында Vesti.kg порталы  «Кыргызстан - Астана» коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаиловго таянып жазып чыкты.

Ошондой эле, бул маалыматты Кыргызстандын Астанадагы консулу Алмаз Байбосунов да тастыктаган.

«26 жаштагы кыргыз жараны Маралбек Имамосун уулу 19-сентябрда кармалган. Жигит «В Контакте» социалдык тармагына тыюу салынган материалдарды жайгаштырган. Ага карата кылмыш иши козголду. Учурда эч жакка кетпөө жөнүндө кол каттын негизинде кое берилди», -деп билдирген консул.