27.01.2020 14:05

Казакстандын борбор калаасы жана алты облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын борбор калаасы жана алты облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда калың кар менен бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шаардагы бардык мектептер убактылуу жабылды. 27-январда баш калааны башка шаарлар менен байланыштырган башкы жолдордо каттам токтоду.

Нур-Султандагы эл аралык аэропортто бардык аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулганын аба майданынын басма сөз катчысы Жеңиш Ахметжанов журналисттерге билдирди.

Жергиликтүү бийлик жарандарды өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин Нур-Султандан башка аймактарга жолго чыкпоого чакырды.

Калың кар менен бороондон улам Борбор Азиянын башка аймактарында да ондогон чоң жолдор убактылуу жабылды.