17.10.2018 10:40

Кезектеги убада: Өкмөт мамлекеттик ипотеканын пайыздык үстөгүн арзандатат

Кезектеги убада: Өкмөт мамлекеттик ипотеканын пайыздык үстөгүн арзандатат

Ипотекалык пайыздык үстөктү гана эмес, турак жайдын баасын дагы төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме учурунда билдирди. 

«Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күнү «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады», - деди  Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө.

Өкмөт башчынын айтымында, Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотекалык насыялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча милдеттер коюлган.

Премьер-министр белгилегендей, ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максаттарында Өкмөт тарабынан 2018-жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылган. «Бирок муктаждарды турак жай менен камсыздоо үчүн каражаттар дагы эле жетишсиз. Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коебуз», - деди Премьер-министр. 

Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгууну, ошондой эле насыя алуучулар турак жайды сатып алган баанын өзүн төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.