18.07.2018 16:03

Кыргыз мигранттар: бизге инвестор катары мамиле кылгыла

Чет өлкөдө эмгектенип жүргөндөрдү мигрант эмес, инвесторлор деп таануу демилгесин бир катар коомдук ишмерлер көтөрүп чыкты. Бул демилгенин жөнү бар – дүйнөнүн төрт тарабына тарап иштеген мекендештербиз бир эле 2017-жылында Кыргызстанга 2,5 миллиард долларга жакын акча которууларды жөнөткөн, бул сумма өлкөбүздүн ИДПсынын 34,4 % түзөт.

Бизнесмендер, миграция кызматынын өкүлдөрү жана депутат Тазабек Икрамов кереге жыйында Россиядагы журтташтардын көйгөйлөрүн талкуулашты. Темалардын ичинде мигранттарга пенсиялык фонд түзүү, медициналык камсыздоосун калыптандыруу жана нормаларды Кыргызстан жана Россияда мыйзам түрүндө бекитүү болду. Жыйындын эң орунтуу учурларын көрүүнү сунуштайбыз.