18.06.2018 11:05

Кыргыз визасын алуу үчүн ири өлчөмдө пара берип жаткан жаран кармалды

Кыргыз визасын алуу үчүн ири өлчөмдө пара берип жаткан  жаран кармалды

Кыргыз визасын алуу үчүн УКМК кызматкерине пара берген чет элдик жаран кармалды. Бул туурасында аталган органдын басма сөз борборунан кабарлашты.

2018-жылдын 14-июнунда КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тарабынан  ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында чет элдин жаран «Л.А.С.» МУКК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. 

Туристтик компанияларынын биринин жетекчиси ири өлчөмдөгү пара берүү аркылуу кыргыз визасын алууга жардам берүү маселесин чечүү аракетин жасаган.

Бул факт боюнча КР Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган жаран КР МУКК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы убакта ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.