03.09.2018 08:30

Кыргыз жана түрк президенттеринин катышуусу менен Бишкекте Борбордук мечит ачылды

Кыргыз жана түрк президенттеринин катышуусу менен Бишкекте Борбордук мечит ачылды

Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Республикасынын диний иштер боюнча Башкармалыктын жана «Диянет» фонду тарабынан курулган мечитти ачуу аземине катышышты. Бул туурасында өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бирге Борбор Азиядагы эң чоң жана эң кооз мечитти ачуу аземине катышып жатканына кубанычтуу экенин белгиледи.

«Мечитибиз — Кыргызстандын диний борбору гана эмес, калаабыздын көркүнө көрк кошкон кооз архитектуралык комплекстердин бири болот», — деди Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тарапка жана мечиттин курулушуна катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. «Бул долбоорду түрк тарабы каржылап, курулуш ишине Түркиянын эң мыкты архитекторлору, инженерлери жана курулуш компаниялары катышты. Өзүмдүн жана Кыргызстандын элинин атынан боордош Түркиянын элине жана куруучуларга терең ыраазычылык билдирем," — деди ал.