03.05.2018 17:55

Кыргыз жараны 32 миң долларын интернеттеги шылуундарга алдатып жиберген

Кыргыз жараны 32 миң долларын интернеттеги шылуундарга алдатып жиберген

Кыргыз жараны интернеттеги шылуундарга 32 миң долларын алдырып жиберген. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

2017-жылдын декабрында С.С аттуу кыз интернет аркылуу бат киреше табуунун жолу тууралуу окуп калган. Анүчүн кызга www.prcfinancials.com  сайтына катталуу зарыл болгон.  Кыз каттоодон өткөн соң, белгисиз адамдар аны менен байланышка чыгып, пайда табуу үчүн жеке эсеп ачып, ал жакка маал-маалы менен акча каражатын салып турушу керек экенине ынандырышкан. Ишенген кыз акча салып, транзакциянын кодун ал адамдарга жиберип турган.

2017-жылдын декабрынан тартып, 2018- жылдын февралына чейин кыргыз жараны жеке эсебине 32 миң доллардан өйдө акча салган. Аларды алдоо жолу менен Леонид Карамазов аттуу адам алып койгону айтылат. Акча чет өлкөгө чыгарылып кеткен. 

Бул факт боюнча  166-берене ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголду.