16.08.2018 14:33

Кыргыз-казак өкмөт аралык жыйыны өтөт

Кыргыз-казак өкмөт аралык жыйыны өтөт

Астана шаарында Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөр аралык жыйыны өтөт. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган кыргыз делегациясы катышарын өкмөттөн кабарлашты. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-августта, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына келди. Өкмөт башчыны вице-премьер министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов жана башкалар коштоп барышты.  

Бүгүн башталчу жыйында эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланат. Абылгазиев казак өкмөтүнүн башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуу өткөрөт.

Кыргыз премьери Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышары айтылды.