09.05.2020 09:00

Кыргызстан социал-демократтары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин жесирлерине жана тылда иштегендерге акчалай жардам көрсөтүштү

Кыргызстан социал-демократтары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин жесирлерине жана тылда иштегендерге акчалай жардам көрсөтүштү

 8-майда, Кыргызстан социал-демократтары Улуу Ата Мекендик согуш  ардагеринин жесирлерине жана тылда эмгектенгендерге акчалай жардам беришти. Бул туурасында Кадыр Атамбаев билдирди.

Партия мүчөлөрү аларга бир жолку акчалай жардам, ошондой эле азык-түлүктөрдү алып барышкан.

 «Эң башкысы ардагерлер муктаж болгон көңүл, камкордук жана жылуу мамилени  Кыргызстан социал-демократтары дайыма жана көптөн бери тартуулоону салтка айланткан. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө эскерүү – бул биздин милдетибиз. Биз баарыңыздарды ар дайым урматтайбыз жана  жалпыбыздын болгон Жеңишти даңазалайбыз»,- КСДП белгилешти.

Мындан сырткары, КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид  жана Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуш күнүнүн алкагында согушка катышкан ардагерлердин урматына тургузулган монументке гүл чамбар коюшту.