25.05.2018 12:09

Кыргызстан сотторунун "кара тизмеси"

Жарандык активисттердин кара тизмесине илингенине карабай Жогорку Сотко ат салышкан судьялар. Жогорку Кенештин жалпы отурумунда депутаттар соттук корпустун төрүнө беш талапкердин ичинен экөөнү гана өткөрүштү. Калган үч судья чуулгандуу иштерди караганы үчүн жаманатты болуп, аз добуш алып калды.

Эсиңиздерге сала кетсек, жарандык активисттер быйыл судьялардын кара тизмесин түзүшүп, президенттин кароосуна жөнөтүшкөн. Бирок, ага карабай өлкө башчысы беш талапкердин тизмесин депутаттардын кароосуна жиберген болчу. Кара тизмеге кайсыл судьялар кирген жана эмне өкүм чыгарганы үчүн коомго таанымал болушту?