30.05.2020 12:03

Кыргызстан Түштүк Кореядан гуманитардык жардам алды

Кыргызстан Түштүк Кореядан гуманитардык жардам алды

Кыргызстан Түштүк Кореядан гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлиги ПЦР-тесттерди жана ошондой эле лабораториялык жабдууларды алды.  Ысык-Көл облусундагы лабораторияны жабдуу пландалууда.

«Баардык аймактарда зарылчылык жаралган учурда вирусологиялык изилдөө жүргүзүп жана скрининг жасаганга болот», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин, Кореянын өкмөтү Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 300миң $ бөлгөнү кабарланган. Мындан сырткары Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жардамы менен 28миң $ өлчөмүндөгү гуманитардык жардам тартылды.