14.04.2020 11:37

Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги качан болору айтылды

Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги качан болору айтылды

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, божомол жүргүзүү үчүн атайын окумуштуу, адистерден түзүлгөн эксперттик топ иштеп жатат.

"Күн сайын иликтөө, байкоо жүрүп жатат. Коронавирустун Кыргызстанда жеткен чеги 20-24-апрелге чейин болушу мүмкүн. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөт элек", — деди Үсөнбаев.

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.  Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.