11.05.2020 15:47

Кыргызстандагы саясий туткундар COVID-19 инфекциясы өлкө аймагына кантип киргенин иликтөөнү талап кылышууда

Кыргызстандагы саясий туткундар COVID-19 инфекциясы өлкө аймагына кантип киргенин иликтөөнү талап кылышууда

Бүгүн, 11-майда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар билдирүү жасашты. 

«Коронавирус менен күрөшүүдө «ийгиликтерге» жеттик деген «Ак үйдүн»  негизсиз мактануулары жана 2020-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнөн кийин депутат Ирина Карамушкинага каршы атайлап жасалган каралоо аракеттеринен улам биз элге кайрылганга мажбур болдук», -деп жазылат.

Билдирүүнүн тексти менен төмөндө таанышууга болот.

1. Депутат Карамушкинанын Кыргызстанда COVID-19 коронавирусунун таралыш себебин иликтөөнү талап кылуусу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына туура келет. Ошондуктан, жарандык коомдун, журналисттердин жана оппозициялык саясатчылардын милдеттүү түрдө катышуусу менен Мамлекеттик комиссия түзүп, Кыргыз Республикасына  COVID-19 инфекциясынын киришин жана жайылышынын себептерин жана механизмдерин изилдөө жана иликтөөнү талап кылабыз.

2. Сауд Аравияда коронавирус илдетин жуктуруу коркунучу бийик болуп турганда  кайсы аткаминер жана жогорку кызматтагы калкалоочулары 135 зыяратчынын жашоосун тобокелге салып, аларды аталган өлкөгө жиберишкен? Депутат жана аткаминерлердин кимиси бул кооптуу сапарга кызыкдар болгон, мамлекеттик комиссия коомчулукка расмий түрдө маалымат бериши шарт.

3. 12-март, 2020-жылы Сауд Аравия - Кыргызстан авиакаттамы аркылуу өлкөгө COVID-19 инфекциясы алынып келинген. Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Курманбек Дыйканбаев же алардын жакындары жана туугандары жүргүнчүлөрдүн арасында болушканбы? Коомчулуктун билүүгө акысы бар.

Бул себептүү жүргүнчүлөрдүн жана айрыкча кичи ажылыктан келгендердин арасындагы аткаминерлер менен депутаттардын тизмегин жарыялоону талап кылабыз.

4. Барына белгилүү болгондой, 12-мартта, 2020-жылы айтылган авиакаттам менен кичи ажылыктан “Манас” аэропортуна келген жүргүнчүлөрдү өлкөнүн аймагына керектүү санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл жок өткөрүп жиберишкен. Обсервацияга алышкан эмес. Бул жакта Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Курманбек Дыйканбаевдин катыштыгы болгонбу?

5. Эмне үчүн “Ак үй” Кыргызстанда COVID-19 илдетинин пайда болушун жана жайылып кеткенинин себебин иликтебей жатат?

Саламаттык сактоо министрлигинин 12-март, 2020-жылы Сауд Арабиясы тобокел жараткан өлкөлөрдүн катарында болгон эмес деген жүйөөсү негизсиз. Анткени ал маалда Сауд Арабияда коронавирус илдетине чалдыккандар бар болчу. Анын үстүнө 27-февралдан тартып туристтер жана зыяратчыларды кабыл алуусун токтотконун Сауд Аравиянын ТИМги расмий түрдө маалымат тараткан».

Ф.А. Ниязов
Р. Б. Жээнбеков
Ф. Баабиев
М. Мискенбаев
К.Сагымбаев
Р. Карыпбек у.
К.А. Осмоналиев.