13.07.2018 16:50

Кыргызстандык Керимкул уулу Канатбекке көзүнө операция жасоо үчүн жардам керек

Кыргызстандык Керимкул уулу Канатбекке көзүнө операция жасоо үчүн жардам керек

Кыргызстандык Керимкул уулу Канатбекке сол көзүнө операция жасоо үчүн мекендештердин жардамы керек. Бул туурасында April.kg порталына 27 жаштагы жигиттин апасы Таалайкүл Табышова билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда баласы экөө Түркиянын Анталия шаарында убактылуу жашап жатышат. «Менин уулумдун сол көзүндө олуттуу жаракат бар–көздүн тордомо челинин ажырап кетүүсү. Аны Бишкекте белгисиз жаш балдар сабап кетишкен. Кыргызстандын дарыгерлери мындай операция кыла албайбыз дешти. 2017-жылдын ноябрында мен уулумду өзүм менен кошо Түркияга ала кетүүгө аргасыз болдум. Бул жакка мындан бир жыл мурун иштөө үчүн келгем. Түркияда текшерүүдөн өттүк. Бизге операция оор экенин жана акча каражаты да көп талап кылынаарын айтышты. Күтүүгө убакыттын жоктугунан жана операциянын татаалдыгынан кыска мөөнөттүн ичинде, 2017-жылдын декабрында жеке клиникада жасатууга аргасыз болдук. Уулум бир ай көзөмөлдө турду. 4 айдан кийин, 2018-жылдын май айында экинчи операцияны өткөрүү зарылдыгын айтышты. Эки айдан бери мынтип, 70 миң сом чогулта албай жүрөм. Мен Кыргызстандан келген эмгек мигрантымын. Түркияда жумуш визаң болбосо, ишке орношуш абдан кыйын. Түркиядан эң арзан жасаган клиниканы тапсам да, ошол акчаны өз күчүм менен таба албай жатам », - деп жазат ал редакцияга кайрылуусунда.   

«Мен Кыргызстандын Анкарадагы элчилигине бардым, Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жаздым. Кайрылбаган жерим калган жок. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинен жарандарга эч пайда жок экен. Кайдыгерлик менен карашат. Өлкө дарыгерлери жадагалса, керектүү жерге жолдомо бере алышкан жок. Эч жерден жардам болбогондо, Түркияга алып кетүүнү чечтим. 

Азыр айлам кетип турат. Балам үчүн бардык эшикти каккылоого даярмын. Кимдир-бирөө көңүл кош калбайт деп ишенем. Менин уулума жардам берүүңөрдү сурайм!» - дейт  Таалайкүл Табышова.

Керимкул уулу Канатбектин көзүн операция кылуу үчүн  70 миң сом керек. April.kg порталына апасы түрк банкындагы реквизиттерин жана диагнозу жазылган медициналык документтерди көрсөттү. Жардам берүүнү каалагандар сүрөттөгү эсепке акча салса (доллар менен гана) болот.