19.10.2018 14:47

Кыргызстандын элчилери кайсы дипломдорго ээ?

Кыргызстандын элчилери кайсы дипломдорго ээ?

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн тарыхчылар, журналисттер жада калса инженер-механиктер башкарып жүрүшөт. Бул жагдайда бош турган Япония менен Кореядагы элчиликтерге диплому бар дипломаттардын дайындалышы күмөн. Болбосо жыл сайын "Эл аралык мамилелер" же "Эл аралык укук" жаатында адистештирилген жогорку окуу жайларды жүздөгөн студенттер бүтүрүшөт. Бирок, иш жузүндө кантип сүйлөп, кандай жүрүштү билбеген адамдар элчи болуп, өлкөнүн кадыр баркын түшүрүп жатышат.