12.05.2020 18:05

Кыргызстандын Социал-демократтары Бишкек четинде жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө, пенсионер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

Кыргызстандын Социал-демократтары Бишкек четинде жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө, пенсионер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

Кыргызстандын Социал-демократтары Бишкек шаарынын четинде жашаган пенсионер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, 700дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүк таратып, материалдык жардам көрсөтүштү. Бул туурасында партиянын маалымат кызматы билдирди.

Кайрымдуулук иш-чарага Сеид менен Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана Ашэра Халикова катышты. 

«Бул Алмазбек Атамбаевдин салтка айланган иш-чарасы 30 жылдан бери уланып келе жатат жана ал камакка алынган учурда да үзгүлтүккө учураган жок», - дешти партиялаштар.