21.01.2020 16:13

Кыргыз-тажик чек арасы: Жер алмашуу сунушу киргизилди

Кыргыз-тажик чек арасы: Жер алмашуу сунушу киргизилди

Тажикстанга Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы жер аянттарын алмашуу сунушталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тиешелүү демилгени Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты. 

Депутат Таабалды Тиллаев өкмөткө жер аянттарын алмашуудан мурда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды.

«Эл жерди Тажикстанга берет деп тынчсызданууда. Борбордо же чек ара заставасында отуруунун кереги жок. Элге барып жеринен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Аксакалдарды кошкула, ал тургай депутаттар дагы бара алабыз», — деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, жерлерди алмашуудан мурун ар бир жашоочу менен кеңешме өткөрүлөт.

«Алмашуу үчүн 2 жер аянты — Ак-Сай менен Самаркандек айылдарындагы жерлер сунушталды. Эгер жергиликтүү тургундар макул болбосо, эч кандай жер алмашуу болбойт. Жолугушууда 18 жаштан жогорку ар бир жашоочу менен сүйлөшүү жүргүзүлөт», — деди ал.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Кесепетинде, 10-январда караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан. 

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.