22.01.2020 09:10

Кытайдагы кооптуу дарт дүйнөгө тарай баштады. Ал АКШга чейин жетти

Кытайдагы кооптуу дарт дүйнөгө тарай баштады. Ал АКШга чейин жетти

Таджикистан, Орусия, АКШ жана башка бир катар мамлекеттер Кытайда пайда болгон жугуштуу вирустан коргонуу максатында чек ара көзөмөлүн күчөттү.

Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгенткен кооптуу оору АКШга жетти.

Кытайдан Сиэтлге штатына өткөн жумада учуп келген кишиден дарттын белгилерин аныкташкан. Дарыгерлер аны өпкөсүнөн кагынган деп катташкан, тест анын өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузганын көрсөткөн.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу борбору жакынкы күндөрү мындай адамдар көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Айрым аэропорттордо Кытайдан келген жүргүнчүлөр дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлө баштады.

Расмий маалыматтар боюнча Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан алты киши көз жумду. Илдетти жугузуп алгандарын көбү - Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Бээжин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Шаршембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалды талкуулайт. Уюм глобалдык эпидемия коркунучун жарыялашы күтүлүүдө.