11.04.2019 16:45

Кийинки Казакстан президенти ким болот? Божомолдор

Кийинки Казакстан президенти ким болот? Божомолдор

Казакстанда президенттик шайлоо күнү аныкталды. 9-июнда коңшу өлкө жаңы журт башчысын шайлайт. Президенттик тактыны ким ээлеп калары белгисиз болгону менен, бир катар талапкерлердин ысымы атала баштады.

Тизмеде азыркы ажо Токаевден баштап, Нурсултан Назарбаевдин карачечекей кызы жана инисинин уулу бар. Расмий бийлик шайлоо таза өтөт десе, оппозиция "Нур Отан" бийлеген өлкөдө шайлоонун ачык өтүшү жомок деген пикирди карманып жатат.