29.11.2019 12:26

Кыйноолорду алдын алган уюм блогер А. Жоробековдон кабар алышты

Кыйноолорду алдын алган уюм блогер А. Жоробековдон кабар алышты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Афтандил Жоробековдон кабар алып чыгышты.  Бул тууралуу аталган уюмдун директору Нурдин Сулайманов билдирди. 

Маалыматка караганда, блогер эч кандай кыйноолор болбогондугун жана тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыгы жоктугун билдирген.

«Афтандил Жоробековдун айтымына караганда, психикалык басым көрсөтүлгөн эмес, кыйнашкан дагы жок. Ал өзүн жакшы сезүүдө. Жактоочулар анын жанына тоскоолдуксуз өтүүдө», — деп билдирет Нурдин Сулайманов.

Бүгүн, 29-ноябрда жактоочулар блогерге жылуу кийимдерин жана тамак-аш берип чыгышкан.

Мындан сырткары, Афтандил Жоробековду колдоо максатында, аны бошотууну талап кылган петиция жарыяланды.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюлууда.