20.09.2018 18:40

Кызыл тилдүү Момбеков жана өкмөттүн үч талапкери

Кызыл тилдүү Момбеков жана өкмөттүн үч талапкери

Кечээ өкмөт өз катарында көргүсү келген адамдарды Жогорку Кеңештин сынынан өткөрдү. Депутаттар адаттагыдай эле, алгач сын-пикирди жаадырып, андан кийин сунушталган адамдардын талапкерлигин колдоп беришти. Сын демекчи, кызыл тилдүү Рыскелди Момбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетти көздөп калган Эмил Осмонбековдун айласын кетирди. Эл өкүлүнүн мындай кадамына атка минээрдин буга чейинки аткарган шектүү иштери себеп болуптур.