26.04.2020 12:16

Комендант: Айдоочулар жол эрежелерин бузушса, алардан өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат

Комендант: Айдоочулар жол эрежелерин бузушса, алардан өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев айдоочуларга кайрылып, жол эрежелерин так сактоого чакырды. Айтымында, эгер кимдир бирөө тартипти бузуп, кырсыкка кабыла турган болсо, анда аларга берилген өткөрмө кагаздарын кайра кайтарып алышат.

“Азыркы учурда карантинге байланыштуу борбордун көчөлөрүндө автоунаалар аз. Ушундан пайдаланып, жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулар кезигип жатат. Эгерде айдоочулар жол эрежелерин бузуп, жол кырсыгына кабылса, алардан өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат”, - Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Эске салсак, күн мурун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автомобиль тез жардам унаасын капталдан сүзгөн. Кагышуудан кийин эки унаа тең оодарылып калган. Жеңил унаада айдоочу жалгыз баратканы жана тез жардамда айдоочу жана эки медицина кызматкери болгону маалымдалган.