06.02.2020 17:14

"Коомдук пикир" долбоору: КСДП партиясы бүткүл Кыргызстан боюнча биринчи орунда турат

"Коомдук пикир" долбоору: КСДП партиясы бүткүл Кыргызстан боюнча биринчи орунда турат

“Коомдук пикир” долбоорунун алкагында КСДП партиясы биринчиликти ээледи. Өлкөнүн бүткүл аймактары боюнча News.kg агенттиги сурамжылоо жүргүзүп, жарандардын пикирин жарыялашты.

Агенттиктин YouTube-каналынан белгилүү болгондой, Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча сурамжылоого дээрлик 1000ден ашуун жаран катышкан.

«Коомдук пикир» долбоорунун алкагында кабарчылар бир нече аптанын ичинде өлкөнүн облустарын кыдырып чыгышкан. Тургундарга келээрки шайлоо, саясий партияларга жана саясатчыларга болгон ишеним тууралуу суроолорду узатышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгында биринчи орунду КСДП партиясы ээлеген. Экинчи баскычта “Ата-Мекен”, үчүнчү орунда «Республика» турат. Калган саясий партиялар рейтингине жараша орундарды ээлешкен: «Ата-Журт», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан», «Ар Намыс».

Ал эми саясатчылардын арасынан КСДП партиясынан депутат Рыскелди Момбеков алдыңкы орунга суурулуп чыккан.

Белгилей кетсек, News.kg – кырнеттеги Instagram социалдык тармагындагы алдыңкы  маалымат булагы болуп эсептелет. Анын катталуучулары бир миллиондон ашып түшөт.