28.04.2020 14:21

Коопсуздук кеңеш: Үч шаар, бир райондо өзгөчө абал узартылат

Коопсуздук кеңеш: Үч шаар, бир райондо өзгөчө абал узартылат

Бүгүн, 28-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков КР коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүнөн коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат алды.

Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу чечими кабылданды.

«Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылмай болду.

Учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.

Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.