07.08.2018 11:16

Коопсуздук кызматы Бирдиктүү депозиттик эсепке 9,5 млн сом которду

Коопсуздук кызматы Бирдиктүү депозиттик эсепке 9,5 млн сом которду

Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине УКМК тарабынан кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

2018-жылдын 7-августунда КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 9,54 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаттар которулган.

«КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсеп ачылганынан бери 139, 454 млн сомду түздү», -деп жазылат маалыматта.